Кыргызстанда 13-августка карата 321,5 миң гектар жерден кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Жигиталы Жумалиев билдирди. Айтымында, учурда Нарын облусунан башка облустарда дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери жүрүп жатат. Нарын тоолуу аймак болгондуктан түшүм жыйноо август айынын аягында башталмакчы. Өлкөнүн түштүгүндөгү көпчүлүк райондордо дан эгиндери чабылып бүттү. Быйыл Кыргызстанда 494,3 миң гектар жерден кылкандуу дан эгиндери жыйналат.