ЖКнын депутаты Курмантай Абдиев 2012-жылы 925 миң сом маяна алса, 341 916 сом кошумча киреше тааптыр. Депутат 8 гектар жер тилкесине жана 1 үй, көп жылдык өсүмдүк багына жана кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрүнө ээлик кылат (аянттары көрсөтүлгөн эмес). 2007-жылы чыгарылган Тойота Прадо жана 1989-жылы чыгарылган ГАЗ-53 унаалары да бар. Абдиев тапшырган декларациясында жакындарынын бир батиринен башка кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берген эмес.