Мындан эки күн мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы маалым болду. Анда айыл өкмөтүнөн тургундар өз каалоосу менен көчөгө Бакиевдин ысымын ыйгарып алганы айтылган. Буга чейин Бишкек шаарынын чет жакасындагы жаңы конуштардын бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы да коомчулуктун талкуусун жараткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Молдомуса Конгантиевден кийин Курманбек Бакиевдин ысымы көчөгө ыйгарылды. Апрель окуясында 90дой азаматтын каны жөн эле төгүлдү беле?" деген собол салды.
СООРОНКУЛОВА: "Сот тарабынан кылмышкер деп таанылып, издөөдө жүргөн адамдын ысымын ыйгаруу туура эмес"
Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова бул маселени жергиликтүү кеңештердин депутаттары чечиши керек деген пикирде.
"Көчөгө ысым ыйгаруу боюнча жергиликтүү бийлик өзү чечет да. Молдомуса Конгантиев боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок Курманбек Бакиев боюнча айта турган болсом, сот тарабынан кылмышкер деп таанылса, расмий түрдө издөөдө жүргөн болсо, анын ысымын ыйгаруу туура эмес деген пикирдемин.
Саясий жоопкерчилик болуп жаткандан кийин бул маселени жергиликтүү кеңештин депутаттары чечет болушу керек, болбосо андай талаштуу нерселерди сот аркылуу жокко чыгарууга болсо керек", - дейт Сооронкулова.
АСАНОВ: "Кыргыз мамлекети демократиялык өлкө. Ал адамдардын да тарапташтары бар экенин эске алуу керек"
Экс-губернатор Бектур Асанов бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек деген пикирде.
"Бул окуяны трагедия кылуунун кажети жок, себеби Кыргыз мамлекети демократиялык өлкө. Ал кишилердин да колдоочулары бар экенин эске алуу керек. Демек, Курманбек Салиевичти айылдык кеңештин көпчүлүк депутаттары колдогондугу анын тарапташтары бар экенинен кабар берет. Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. Соттолгон адамдын, тирүү кишинин ысымын көчөгө ыйгаруу мыйзамга туура келбесе, демек мыйзамсыз чечим кабыл алгандар мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш", - дейт Асанов.
БЕКЕШЕВ: "Көчөлөргө резонанстуу окуяларга тиешеси бар адамдардын ысымын ыйгаруу туура эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бир дагы көчөгө кылмышкердин ысымы ыйгарылбашы керек деген ойдо.
"Курманбек Бакиев атындагы көчө тууралуу айта турган болсом, бул өтө жаман көрүнүш. 7-апрелде каза болгон баатырлар анда эмне менен күрөшүштү? Көчөлөр Конгантиев же Бакиев деп аталышы үчүнбү? Өкүнүчтүү. Мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керек. Апрель баатырларынын эрдигин унутпайлы.
Бул маселе боюнча башкы прокурорго Рахманжан айылдык кеңешинин чечимин жокко чыгаруу боюнча кат жолдойм. Кыргыз өлкөсүндө бир дагы көчө кылмышкердин атынан аталбашы керек. Ушундай боло берсе коомчулукта бөлүнүү башталат.
Тилекке каршы, мыйзамда соттолгон кишинин ысымын ыйгаруу боюнча каралган эмес экен. Бирок коомчулукта ушундай резонанстуу окуяларга тиешеси бар адамдардын ысымын ыйгаруу туура эмес көрүнүш. Башкы прокуратура айылдык кеңештерге түшүндүрмөлөрдү берсе жакшы болмок. Учурда коомчулук тарабынан бийликке ошол эле Жогорку Кеңешке, өкмөткө, президентке эле сөз тийип жатат", - дейт Бекешев.
ЖЭЭНБЕКОВ: "Тарыхта орду туура эмес болгон адамдар кайсы бир топтор үчүн орду маанилүү болуп калууда"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бул нерсе биз улут катары калыптана электигибиздин көрсөткүчү дейт.
"Кыргыз өлкөсү регионализм, трайбализм өнүккөн өлкө. Бизде идеологиялык так көз караштар орной элек. Ошол себептен көчө болобу, уюм болобу, кимдин гана ысымы ыйгарылбасын, трайбалисттик, регионализм көз караштагы саясат болуп эсептелет.
Тарыхта, мамлекетте орду туура эмес делген адамдардын жалпы мамлекет үчүн орду туура эмес болгону менен, кайсы бир топтор үчүн, кайсы бир кичинекей айыл үчүн орду маанилүү болуп калууда. Алар өздөрүнүн кулундарына, айылдаштарына, туугандарына ысымын ыйгарып койгон учурлар кездеше баштады. Бул идеологиялык так көз караштын жоктугу, улут катары бекем калыптана электигибиздин көрсөткүчү", - дейт Жээнбеков.
ҮМӨТАЛИЕВА: "Мындай маселени бир да жергиликтүү бийлик чече албайт"
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бул окуяны Апрель окуясында курман болгондордун бетине түкүрүк катары кабыл алганын айтты.
"7-апрелди урматтайм" деген азыркы бийлик мындай окуяларды эске албаса, анда Бакиев менен бирге кетип жатканын тастыктап калган болот. Бакиевдин атын койдуруп, эч ким эч нерсе дебеди деп тымпыйып отура бергени менен эл өзү тараза. Бул көрүнүш 7-апрелдеги кайгылуу окуяда курман болгондордун ата-энелеринин бетине, ошол курман болгон жигиттердин бетине болгон түкүрүк.
Жергиликтүү бийлик мындай саясий кадамга өз алдынча бара албайт, бул маселе чоң саясий кадам. Айтылбаса да коомго, эл-журтка "бийликте бизбиз, бийликте биз менен иштеген адамдар иштеп жатат" деген белги. Мындай маселени бир да жергиликтүү бийлик чече албайт. Көчөгө атасынын атын коё албай чуркап жүргөндөр канча?! Канчасы текшерип, соттолгонбу же соттолгон эмеспи, куугунтукталганбы же куугунтукталган эмеспи, баары алдын ала текшерилет да", - дейт укук коргоочу.