Кыргызстанда үйлөргө жана батирлерге болгон салыкты төлөө мөөнөтү 2-сентябрда бүтөрүн Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Бишкек жана Ош шаарында 80 чарчы метрден чоң аянтты ээлеген жана өлкөнүн башка райондорунда 150 чарчы метрден чоң аянтты ээлеген батирлерге салык төлөнөт. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы 150 чарчы метрден чоң аянтты ээлеген, өлкөнүн башка аймактарында 250 чарчы метрден чоң аянтты ээлеген үйлөргө салык төлөнөт. Тиешелүү сумманы көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин төлөбөгөндөргө 2000 сомдук айып пул салынат.