13-августта Каракол шаарында шаар жетекчилиги менен жаштардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Каракол шаарында Жаштар борборун түзүү маселеси талкууга алынды. Мэрия жетекчилиги бул идеяны колдоп, мэриянын имаратынан бир бөлмө бөлүп берди. Аны оңдоп-түзөөгө 600 миң сом жумшалып, борбор октябрь айында иштеп баштайт.