Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгү 12-14-август күндөрү Ош шаарындагы соода түйүндөрүндө мөөнөтү өтүп кеткен товарларды текшерүү боюнча рейд жүргүзүштү. Аталган агенттиктин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, бир катар соода түйүндөрүнөн мөөнөтү өтүп кеткен сүт азыктары табылып, дүкөн ээлерине карата тиешелүү чаралар көрүлдү.