Ош мэриясынын тийиштүү кызматкерлери шаардагы жарыктандыруучу системдердин абалын текшеришти. Учурда сейил бак, аллея жана оргумалардагы жарык берүү системдери текшерүүдөн өттү. Айрым кемчиликтер боюнча тапшырмалар берилди. “Шаардын Монуев көчөсүн жарыктандыруу иштери аягына чыгып калды. Жарык берүүчү 32 лампа орноштурулду”,- дейт мэриянын Транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Романов.