Бишкектин көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген 56 даана көрнөк-жарнак алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти, “Тазалык” муниципалдык ишканасы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана райондук администрациялар менен биргеликте өткөргөн кезектеги рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган жана эскирген 56 даана көрнөк-жарнак алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Рейд Чүй, Москва, Некрасов, Гагарин, Кулиев көчөлөрүндө 13-августта өткөрүлгөн. Рейддер Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшү боюнча чараларды жакшыртуу жөнүндө” токтомунун негизинде жүргүзүлөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан