Турсунбек Акундун кызматтан бошотулушу боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна байланышкан сот иши 16-августта болот

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна байланышкан сот иши 16-августта өтөт. Бул тууралуу экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 14-августта билдирди. Акун кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча Жогорку Кеңеш чыгарган токтомду сот аркылуу жокко чыгарууну көздөөдө. Мындан сырткары экс-акыйкатчы аталган токтомдогу "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди бошотууга акыйкатчынын катыштыгы бар экенин белгилеген пунктту да жокко чыгармакчы. Ошондой эле Акун акыйкатчы кызматка талапкерлигин коюп жаткан адамдар бошой элек орунга талапкер болушуп арыз берип жатышканын айтат. “Мен аларга мыйзамга ылайык иш жүргүзүү керектигин айтып, сынакка арыз бербөөнү сурангам. Бирок алар акыйкатчыны мыйзамсыз аракеттерден сактоонун ордуна бошой элек орунду ээлөөнү көздөп жатышат”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан