Жыл сайын өтүүчү билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин конференциясын Ош шаардык мэриясы 28-августта өткөрүүнү пландоодо. Конференцияда республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон мектеп окуучулары сыйланышмакчы. “Биз бардык жеңүүчү болгон окуучуларды жана алардын мугалимдерин акчалай сыйлыктар менен сыйлайбыз”,- дейт мэриянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Лира Шериева. Мындан сырткары бул күнү Шаардык билим берүү башкармалыгы менен биргеликте мэрия өспүрүм балдардын чыгармачылыктары боюнча чакан көргөзмө да уюштурат.