Баткен облусунда балдар үчүн жайкы эс алуу уюштурулду
Баткен облусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн
балдары жана жетим балдар үчүн жайкы эс алуу уюштурулду. Балдар "Алтын-Бешик” жана “Шаттык” жайкы лагерлеринде
эс алышты. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы
билдирди. Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынан 180 бала, Лейлек районунан 202, Майлы-Суу шаарынан 10 бала эс алууга барышкан.