Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кабылдамасына 6 айда 749 киши кайрылды. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан 155 кайрылуу түшсө, Чүй облусунан 57, Ысык-Көл облусунан 16, Талас облусунан 13, Жалал-Абад облусунан 13, Баткен облусунан 3 кайрылуу болгон. Көпчүлүк жарандар жеңилдетилген негизде жана бекер дарылоодон өтүү суранычы менен кайрылышкан (65). Ал эми 20 жаран медициналык кызматкерлерине нааразы болуп кайрылса, 19 адам сапатсыз дарылоо боюнча, 9 киши “медицина кызматкерлери мыйзамсыз акча сурап жатат” деген арыздары менен кайрылышкан. Ал эми ишеним телефону боюнча 475 чалуу кабыл алынып, аларга тиешелүү жооп берилген.