Адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына байланыштуу айыпталып жаткан ЖКнын депутаты Жыргалбек Саматовдун жардамчысы Таалайбек Жакыповдун иши боюнча соттун өкүмү 17-августта чыгат. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти. Бул иш боюнча мурунку соттук отурум 13-августта болгон. Бирок Т.Жакыповду сотко коштоп келген тарап аскерлер кечки тамаксыз кала тургандыгын айтышып, соттук отурумду кийинкиге жылдырууга суранган. Буга байланыштуу сот иши 17-августка жылдырылган. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 8-декабрында Бишкектеги Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 5 унаа катышкан ири автокырсык болуп, 3 адам каза болгон. Ага катышкан Тойота Ленд Крузер унаасынын айдоочусу, аталган депутаттын жардамчысы Жакыпов айыпталууда.