Өткөн аптада Ички иштер министрлиги быйыл жасалма паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголгонун маалымдады. Бул маселе Кыргыз өлкөсүндө издөөдө жүргөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаити Түркияда киши колдуу каза болгондон кийин дагы бир жолу козголду. Буга Саймаитинин жанынан Кыргыз паспортунун табылганы жана түркиялык басылмалар анын өлүмүнө шектелгендерден да Кыргыз паспорттору алынганын жарыялагандыгы себеп болду. Мамлекеттик каттоо кызматы муну четке какты. Ал эми УКМК Саймаитинин Кыргыз паспортун алганы боюнча 1 жарым ай мурун кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Кыргыз паспорт башка жарандарга берилгендиги негизинен ал адам кылмыш жасаса же кырсыкка кабылган учурларда ачыкталат, ачыкталбай калган канчалаган паспорттор берилди деген суроо көбүндө жаралат. Буга байланышкан эң чуулуу окуя 2016-жылы катталган. Анда Түркияда Кытайдан келген уйгур улутундагы 98 адам Кыргыз паспорт менен кармалган болчу.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ИИМ быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголгонун билдирди. Канткенде Кыргыз өлкөсү жасалма паспорттордун мекени дегенден арылат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кыргыз өлкөсү жасалма паспортторду таратып салган өлкө дегенге көп кошулбай турганын, бирок бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу документтер оңой берилет деген пикирин айтты.
"Жасалма паспорт берүүнү жоюш керек, талапты катуу коюу зарыл. Жасалма паспорт берүү - кылмыш деп эсептелинет. Ошондуктан мындай учурларда иш козгоп, чара колдонуп, жоопко тартуу керек.
Биздин өлкөдө жасалма паспорт таптакыр берилбейт деген ойдон алысмын албетте, адам деген адам, акчага жана башка нерсеге азгырылып өзүнүн милдетин аткарбай койгон учурлар толтура эле. Бул өкүндүрө турган жагдай. Буга өкмөт бир чара колдонушу керек. Ал эми өкмөт Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине иш козгогондо коомчулук ызы-чуу көтөрүп, "Жок, тийбеш керек" деген сөздөр чыкты. Паспортту Мамлекеттик каттоо кызматы эле берет да, эгер маселелерди чечебиз дешсе, ошол мекеме сунуштарын көтөрүп келиши керек.
Айта кетүүчү жагдай, дагы көп нерселерди такташ керек. Мисалы Саймаитиде жасалма паспорт болгон деген менин маалыматым жок. Аны өлтүрдү делгендер кыргыздын паспорту менен жүргөндүгү чын болсо, берген тараптарга катуу жаза көрүш керек. Биздин өлкө жасалма документтерди берип кетти деген пикирге көп кошулбайм, бирок баалуу кагаз, документтерди салыштырмалуу оңой берет деген ойго кошулам. Мындай көрүнүш бардык эле өлкөдө бар. Жасалма документтерди бергендерге жазаны күчөтүү менен аны азайтуу мүмкүн", - деди Масалиев.