Нарын. Автокырсыкка кабылган 6 окуучунун бешинчиси ооруканадан көз жумду
11-августта Нарын-Баетов унаа жолунда 6 окуучу кырсыкка кабылып, 4 окуучу окуя болгон жерден каза тапкан эле. 13-августта ооруканада жаткан 2 окуучунун бирөөсү каза болгону белгилүү болду. Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери Жыргалбек Алиев оор операциядан кийин Замирбек уулу Кайрат каза болуп калганын билдирди. Ал эми кырсыкка кабылган унааны айдап бара жаткан Таалайбек уулу Урмат тууралуу оорукананын травматология бөлүмүнүн дарыгери Жумабек Маматбеков буларды айтты: "Учурда бейтаптын абалы турукташып калды, жакшы десек да болот. Башы катуу чайкалган. Бактыга жараша, денесинде сынык жок. 10 күндүк дарылануу курсунан кийин үйүнө чыгарабыз".