Өткөн аптада Ички иштер министрлиги быйыл жасалма паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголгонун маалымдады. Бул маселе Кыргыз өлкөсүндө издөөдө жүргөн кытайлык ишкер Айэркен Саймаити Түркияда киши колдуу каза болгондон кийин дагы бир жолу козголду. Буга Саймаитинин жанынан Кыргыз паспортунун табылганы жана түркиялык басылмалар анын өлүмүнө шектелгендерден да Кыргыз паспорттору алынганын жарыялагандыгы себеп болду. Мамлекеттик каттоо кызматы муну четке какты. Ал эми УКМК Саймаитинин Кыргыз паспортун алганы боюнча 1 жарым ай мурун кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Кыргыз паспорт башка жарандарга берилгендиги негизинен ал адам кылмыш жасаса же кырсыкка кабылган учурларда ачыкталат, ачыкталбай калган канчалаган паспорттор берилди деген суроо көбүндө жаралат. Буга байланышкан эң чуулуу окуя 2016-жылы катталган. Анда Түркияда Кытайдан келген уйгур улутундагы 98 адам Кыргыз паспорт менен кармалган болчу.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "ИИМ быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголгонун билдирди. Канткенде Кыргыз өлкөсү жасалма паспорттордун мекени дегенден арылат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун пикиринде бул маселени тиешелүү органдар колго албаса, чоң көйгөй жаралышы мүмкүн.
"Бул боюнча көп маселе бар, көп эле айтылып жатат. Бирок ошол жасалма паспорттор өлкө ичинде жасалып жатабы же башка жактабы белгисиз болууда. Анткени азыр Орусияда, Түркияда иштеп жүргөн башка өлкөлөрдүн жарандары биздин паспортторду көтөрүп жүрүшөт деп жатышат. Ал эми биздеги мекемелер андай документтер берилген эмес, базадан чыккан жок дешет. Ошон үчүн адегенде ким, кайсы жерде жасап жатканын аныкташ керек.
Бул жерде бир чоң коррупциялык схема бар деп ойлойм. Эгерде муну өзүбүздүн мамлекеттик коопсуздукту көзөмөлдөгөн органдар карап чыкпаса, чоң маселе жаратчу абал. Ушул көйгөйдү тамырынан жок кылуу керек. Ага карабай бул жагдайды текшерип, карап, иликтеп чыккан орган жок болууда", - деди эл өкүлү.