Кыргыз өлкөсүн жакынкы 5 жылда эмне күтүп турат? Серепчиден эки сценарий

"Жакынкы 5 жылда Кыргыз өлкөсү төмөндөгүдөй чакырыктарга тушугат: социалдык-экономикалык кырдаал начарлайт, коопсуздук маселелери күчөйт, мамлекеттик башкаруунун сапатынын төмөндөөсү туу чокусуна жетет". Саясий илимдердин доктору Азамат Темиркулов социалдык тармактагы баракчасына президентке жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусун жарыялады.

"Биринчиден, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал начарлайт. ЕАЭБдин алкагындагы атаандаштыктын жыйынтыгында көптөгөн жергиликтүү ишкерлер коңшу өлкөлөрдүн ири өндүрүшчүлөрү менен болгон атаандаштыкка туруштук бере албай жатышат. Бул жагдай өзгөчө фермерлерге залакасын тийгизүүдө. Тигүү өнөр жайынын экспорту кыйшаюусуз төмөндөп жатат. Кыргыз өлкөсүнүн ИДПсынын өсүүсү жылына 4 пайызды түзгөнү - өнүгүп келе жаткан өлкө үчүн жетишсиз. Салыштыруу иретинде бул көрсөткүч Өзбекстанда 5,8 пайызды, Түркмөнстанда 6 пайызды, Тажикстанда 7 пайызды түзөт. Буга кошумча өзүңүз билгендей, мамлекеттик карызды төлөөнүн туу чокусу 2023-жылга туш келет. Ал убакыт сиздин башкаруу жылыңызга туура келет. Азыркы тапта төлөмдөр жылына 200 миллион доллардын тегерегинде болуп жатса, 2023-жылы 300 миллион долларга жетет. Бул Кыргыз мамлекетинин бюджетине жана экономикасына оор жүккө айланат. Бүгүнкү күндөгү ИДПнын өсүүсү 4 пайыз болуп жаткандыгы тышкы карызды кыйналбай төлөөгө жетишсиз. Мунун баары өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизет", - деп жазат серепчи өз билдирүүсүндө.

Андан ары коопсуздук маселелери тууралуу уланат. "Экинчиден, соңку 28 жыл бою топтолуп келген улуттук коопсуздук тармагында маселелер курчуйт. Өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан облустардагы массалык миграция аярлуу аймактардын ээн калуусуна алып келди. Коңшулар тараптан жылма миграциянын жүрүшүнөн улам чек ара аймагындагы абал чыңалып жатат. Тилекке каршы, бул тенденция тереңдей берет. 2020-жылдын ичинде жана андан кийинки жылдар бүт тарых боюнча чыр-чатактардын ырбап кетүүсүнүн курч фазасына айланышы ыктымал. Тажикстан 2020-жылы өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоонун алдында турат. Анда өлкөнүн ички туруксуз абалы туу чокусуна жетиши ыктымал. Мындай учурда Тажикстандын бийлиги калктын протесттик маанайдагы катмарынын көңүлүн башкага буруу үчүн өлкөнүн тышында жаңжалдарды ырбатууга кызыкдар болуп калышы мүмкүн", - дейт серепчи.

Мамлекеттик башкаруунун сапатынын төмөндөөсү боюнча пикири мындайча жазылган. "Советтер Союзунда түзүлгөн мамлекеттик кызмат 28 жыл ичинде бардык жерде коррупция жана жердешчилик менен талкаланган. Жетекчилик кызматтарга сиңирген эмгеги жок, керек болсо мамлекеттик кызматтагы иш тажрыйбасы жок адамдар келди. Компетенттүү кадрлардын көбү эл аралык уюмдарга жана долбоорлорго кетип калышкан. 2000-жылдардын башында пенсияга чыга баштагандар менен кошо тажрыйбаны өткөрүп берүү практикасы жоюлду. Бүгүн мамлекеттик кызматка тажрыйбасы жок көп жаштар келип жатат. Алардын ортоңку жана жогорку звенодогу жетекчилер менен жолугушуп жатканы кооптуу. Бийлик институттарында жеке ишкердигин коргоону максат кылган жарандар көбөйдү. Ошондой эле, алардын арасында патриоттуулук жөнүндө көп кыйкырык салып, бирок мамлекеттик курулуш тууралуу эч кандай дасыккан көз карашы жоктор да бар. Бул кырдаал жогоруда жазылган каатчылык учурларында мамлекеттик башкарууга чоң терс таасирин тийгизет. Тажрыйбасыздык менен кабыл алынган чечимдер жана анын аткарылышы кырдаалды ого бетер күчөтөт", - деп жазат Темиркулов.

Серепчи 28 жыл бою топтолуп келген көйгөйлөр президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруусунун тушунда курчуп кетиши мүмкүндүгүн эске салат. "Социалдык-экономикалык оор абалда компетенттүү эмес мамлекеттик башкаруу менен улуттук коопсуздуктагы коркунучтардын коштолушу аркылуу жакынкы беш жылда өлкөдө жарылууга кооптуу абал пайда болушу ыктымал" дейт серепчи. Ал андан ары бул кырдаал төмөндөгү эки сценарийдин бири менен өнүгөрүн жазат.

"1. Негативдүү сценарий
2020-жылы Жогорку Кеңешке азыркы мыйзамга ылайык шайлоо өтөт. 9 пайыздык босого чекти акчалуу партиялар гана ашып өтө алгандыктан, алар өз катарына ири ишкерлерди алууга аргасыз болушат. Андай адамдардын акчасы жана ишкердикти башкаруу тажрыйбасы бар, бирок макроэкономика, мамлекеттик башкаруу, коопсуздук жана саясаттан жетиштүү билими жок. Жогору болгон босого чекти ашып өтүү үчүн саясий партиялар коалицияга биригет, бирок ал союздар идеология жана өнүктүрүү программасынын (себеби ал кагаз түрүндө гана бар) айланасында эмес, кызыкчылыктардын тегерегинде жүрөт. Ошентип, Жогорку Кеңеште мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы өтө төмөн болгон депутаттык курам түзүлөт. Андан тышкары, парламенттин өкүлдөрү өтө тар чөйрөдөн болуп калат. Себеби 9 пайыздык чекти саясий партиялардын көбү ашып өтө албайт. Парламент калктын бир ууч тобунан гана турат - элдин нааразычылыгы да ушунда. Ал нааразычылык калктын социалдык-экономикалык абалынын начарлашына, компетенттүү эмес чечимдердин кабыл алынышына, улуттук коопсуздук маселелеринин курчушуна жараша жогорулоодо. Алсыз Жогорку Кеңеш компетенттүү эмес өкмөттү курап жатат. Ал экономика, коопсуздук, мамлекеттик башкаруудагы чакырыктарга шайкеш чечим кабыл алууга жөндөмсүз, андан ары бул жагдай кырдаалдын курчушуна алып келет. Өлкөнүн түштүк аймагындагы чек ара тилкелериндеги баш аламандык, тышкы карызды төлөө маселелери, калктын жакырдануусу, мамлекеттик башкаруудагы шал сыяктуу абал саясий кризиске жеткирет. Кудайым сактасын мындай сценарийден…", - дейт серепчи.

"2. Позитивдүү сценарий.
2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы эрежелерге ылайык 5 пайыз болуп төмөндөтүлгөн босого чеги менен жана ачык партиялык тизменин ичиндеги конкреттүү адам үчүн добуш берүү менен өтөт. Электораттын талабына жооп кылып, саясий партиялар тизмесине окумуштуу, юрист, аскер кызматкери жана башка интеллигенциянын өкүлдөрүн кошууга аракет кылышат. Парламентке мамлекеттик маселелер жана анын чечилүү жолдорун билген талапкерлердин белгилүү бир бөлүгү келет. Жаңы чакырылыштын сапаттуу курамы ишке жарамдуу өкмөттү курай алат. Ал өз учурунда социалдык-экономикалык абалдагы, коопсуздук жана мамлекеттик башкаруудагы көйгөйлөрдү чече алат. 5 пайыздык чекти ашып өтө алганы жана көчөдө калбаганы үчүн парламентте добуш берүүчүлөрдүн түрдүү катмарынан өкүлдөр болот. Бийликке карата калктын салыштырмалуу ишеними болгону туруксуз абалдын тобокелин азайтат. Кыргыз өлкөсү, аны менен катары сиз дагы саясий баш аламан мезгилинен ийгиликтүү өтөсүз. Кудайым буюрса", - дейт серепчи экинчи сценарий тууралуу.

Азамат Темиркуловдун айтымында, парламенттин жаңы курамына мамлекеттик маселелерди чечүүдө тиешелүү компетенциясы бар коомдун өкүлдөрү өтө алышы маанилүү. "Ал үчүн: а) босого чекти 5 пайыз кылып ылдыйлатуу, б) ачык тизме боюнча добуш берүүнү киргизүү, в) калыс, атаандаштык жана ачык шайлоону камсыздоо керек. Бул сунуштарды аткаруу үчүн сизде керектүүнүн баары бар. Ал: убакыт, финансы жана адам ресурсу. Болгону сизден саясий эрк керек. Андан өлкөнүн келечеги жана 6 миллион жарандын тагдыры көз каранды", - деп жазган серепчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан