Баш калаада Бишкек шаардык техника системин өнүктүрүү боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага шаар башчысы Иса Өмүркулов, Кыргызстандагы Япониянын, Беларустун, Кытайдын, Түркиянын, АКШнын элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын, президенттик аппараттын, өкмөттүн, министрликтердин өкүлдөрү катышты. Өз сөзүндө шаар башчы көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында шаардын транспорт системин комплекстүү изилдөө биринчи жолу жүргүзүлгөнүн билдирди. “Изилдөөлөрдү жүргүзүү Япония өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлдү. Бул өлкөнүн адистери Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте 2 жылдан ашык убакыт Япондук эл аралык кызматташтык агенттиги колдогон (JICA) долбоордун алкагында изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы шаарыбызды мындан ары өнүктүрүүдө өтө баалуу”,- деди. Изилдөөлөрдүн алкагында жол кыймылын жакшыртуу, жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, жол чырактардын иштөөсү боюнча бир нече кеңештер айтылды.