Айыл чарба жана мелиорация министрлиги: "Быйыл өлкөдө 800 миң тонна буудай жыйналышы күтүлүүдө. Бул калктын керектөөсүнүн 80 пайызын түзөт"

Быйыл Кыргызстанда жыйналчу дан эгиндери 800 миң тонна болору күтүлүүдө. Бул калктын керектөөсүнүн 80 пайызын түзөт. Маалыматты Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы азык-түлүк коопсуздугу жана маркетинг башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков билдирди. “Дан эгиндерин өзүбүз өстүргөнүбүз менен, калкты толук камсыз кылууга жетпейт. Ал эми быйыл эт жана сүт боюнча көйгөй болбойт”,- деди Асылбеков. Кант кызылчасынан өткөн жылы 13 000 тонна түшүм алынса, бул жылы 25 000 тонна алуу күтүлүп жатканын кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан