Бүгүн, 19-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" жогорку деңгээлдеги донордук форумуна катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, форумга Дүйнөлүк банк, БУУ агенттиктери, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду, Европа биримдиги, Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, ЕККУ, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду, Эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коом (GIZ), JICA, KOICA, USAID, Сорос фонду, Түрк кызматташуу жана координациялоо боюнча агенттиги (ТИКА) Сауд өнүктүрүү фонду, Ага-Хан өнүктүрүү тармагы, Эл аралык электр байланыш биримдиги жана башка уюмдардын, түзүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү чакырылган.
Донордук коомчулуктун алдында сүйлөп жатып президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетинин ички ресурстары бар экенин, бирок өнөктөштөрдүн да колдоосун күтөөрүн белгиледи. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын негизги багыттары тууралуу кеңири айтып берди.
Мамлекет башчысы Кыргыз мамлекетинин донорлор менен бирдикте көптөгөн долбоорлорду ишке ашырганын ыраазычылык менен белгиледи жана мындан ары да ийгиликтүү кызматташууга ишенимин билдирди.
"Бүгүнкү ишибиздин максаты - өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу.
Жакынкы жылдары "Таза суу" долбоорун ишке толугу менен ашыруу — негизги максатыбыз.
2019-жылдын аягына чейин 101 айылга таза суу жеткирилет, 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл.
Анын ичинде 207 айылга каржылоо булактары аныкталган.
Каржылоо булактары аныктала элек 345 айыл бар, аларга таза суу киргизүү үчүн жалпысынан 481 миллион долларга жакын же 34 миллиард сом талап кылынат.
Бул каражаттын 450 миллион доллар донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталды.
Кыргыз мамлекетиндеги дагы бир көйгөйлүү маселе — айыл-шаарларда саркынды суудан тазалоо системин киргизүү. Бул маселе — Ысык-Көлүбүздүн тегерегинде өтө көйгөйлүү.
Учурда 20 шаарда таза жана саркынды суу боюнча иштер башталды, дагы 11 шаарда бул маселе актуалдуу бойдон калууда.
Энергетика тармагындагы негизги максатыбыз — биздин гидроэнергетикалык ири потенциалыбызды колдонуу менен өлкөнүн электр энергияга болгон ички муктаждыктарын жабуу жана башка өлкөлөргө экспорттоо.
CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу — өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатат.
Бизге иштеп жаткан гидроэнергетикалык объекттерди масштабдуу реконструкциялоо жана жаңыларын куруу милдети турат.
Алардын ичине Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет.
Бул иштерди аткаруу үчүн 4 миллиард 5 миллион доллар талап кылынат.
Бул долбоорлорду ишке ашырууда энергетика тармагында объектилерди куруу жана жаңы технологияларды тартуу боюнча тажрыйбасы бар эл аралык финансы институттарынын ролу биз үчүн абдан маанилүү.
Андан тышкары, эл аралык институттарды бизге чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырам.
Жашыл энергетиканы өнүктүрүү — биз үчүн жаңы, бирок абдан зарыл багыт.
Ошондуктан өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна муктажбыз.
Төртүнчү, өлкөбүздүн транзиттик потенциалын жогорулатуу, ал үчүн жолдордун сапатын жакшыртуу жана жаңы жолдорду салуу — биз үчүн абдан актуалдуу.
Азыркы учурда 13 магистралдык жолдордо курулуш иштери жүрүп жатат.
Жол куруу долбоорлоруна республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүүдө.
Ошону менен бирге донорлор тарабынан колдоого муктажбыз.
Түндүк-Түштүк автожолундагы коопсуздукту камсыздоо иштерине кошумча 56 миллион 500 миң доллар акча каражаты талап кылынат.
Тараз–Талас-Суусамыр автожолунун 4-фазасын курууну каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Туризмди өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Ысык-Көл "шакекче жолун" долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Түп-Кеген унаа жолун 2024-жылы аяктоо пландаштырылууда.
Бул жолдун аякташы менен туристтик зонабызга келүү үчүн коңшу мамлекеттин жарандары үчүн да бир кыйла ыңгайлуу шарттар жаралат, соода-экономикалык карым-катнаш жакшырып, туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болот.
Эл-аралык маанидеги жолдорду калыбына келтирүүгѳ жалпысынан 500 миллион доллардын тегерегинде инвестиция талап кылынат.
Жол тармагындагы эң ири долбоор — Кытай–Кыргыз–Өзбек темир жолунун курулушу.
Бул эл аралык мааниси чоң долбоордун өнөктөштөрүбүз тарабынан колдоого ээ болуусу — абдан актуалдуу", - дейт Жээнбеков.
Форумдун катышуучулары өкмөттүн өкүлдөрүнүн сунуштары, "Регионалдык өнүгүү жана инвестициялык климат" панелдик сессиясынын иши менен таанышышты.