Декларация: УКМКнын экс-төрагасы Бейшенбай Жунусов өзү да, жакындары да батирде жашайт
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Бейшенбай Жунусов 2012-жылы 991 миң сом киреше тапкан. Мамлекеттик кызматкер тапшырган декларациясында 1 батир, 1 жер тилкесине ээлик кыла турганын көрсөттү (аянттары жазылган эмес). Ал эми Жунусовдун жакындары 1 жер тилкесине (0,12 сотых), 1 дачага жана 1 батирге ээлик кылышат. Аткаминер менен анын жакындарынын унаалары тууралуу маалымат берилген эмес.