Ош шаарынын жашоочуларынын электр энергиясына болгон карызы 1-августка карата 130,7 миллион сомду түздү. Маалыматка ылайык, кайра иштетүү тармагындагы ишканалар 84,6 миллион сом, айыл чарба тармагындагы мекемелер 2,3 миллион сом, бюджеттик мекемелер 10 миллион сом, коммерциялык ишканалар 13,7 миллион сом карыз. Ал эми шаарда жашаган калктын карызы 20 миллион сом.