Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ачы айылынын аймагынан көптөн бери кезекте турган жарандарга жер тилкелери бериле баштады. “Бул аймакта учурда эч кандай социалдык мекемелер курула элек. Бирок тийиштүү долбоор түзүлүп өкмөткө жөнөтүлгөн”,- дейт Кара-Суу районунун башкы архитектору Нуралы Аматов. Аймакка мектеп, оорукана жана башка социалдык мекемелерди курууга 2 миллиард сомдон ашуун акча сарптала турганын кошумчалады башкы архитектор.