Өткөн аптада "Азаттык" "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" деген иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган. Макаладан улам социалдык тармактын колдонуучулары талаш-тартыш жараткан талкуу жүргүзүп, алардын арасында Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калды дегендер да бар.
SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калдыбы?" деген собол салды.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков өлкөдө ар кандай диний, саясий, улуттук жана аймактык поляризация күчөтүлүп жатканын айтты.
"Кыргыз мамлекети геосаясат жагынан, ошондой эле жаңы дүйнөлүк түзүлүштө ээлей турган орду менен чоң мааниге ээ өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет. Ошол эле убакытта, көп эксперименттерди башынан өткөргөн өлкө болгону үчүн жана начар кадрдык саясаттан улам мамлекеттүүлүк жагынан бир топ эле алсырап калды.
Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен эң көп Кыргыз өлкөсү үчүн эмне эксперименттер жасалды? Кыргыз өлкөсү тез арада уңгу улуттан ажырап калсын деген максатта "улут" графасы алынды. Андан сырткары, ар кандай диний, саясий, улуттук жана аймактык поляризация күчөтүлүп жатат. Суроолор аябай көп.
Жакынкы 5 жылда өтө чоң мааниге ээ боло турган өзгөрүүлөргө күбө болобуз, буюрса. Кыргыз өлкөсү бир силкинип алып, көптөгөн көйгөйлөрдү тарыхта калтырат деген үмүтүм бар. Биздин көчөдө дагы чоң майрам болот", - дейт Исаков.