Бишкек шаарында “Компьютер генийи” аттуу рейд жүрүп жатат

Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын демилгеси менен өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “Компьютер генийи” аттуу рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы 6 жана 7-кичи райондорунун аймагындагы компьютердик клубдар текшерилип, өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Текшерүүгө участкалык милиция кызматкерлери, райондук администрациянын өкүлдөрү жана башкалар катышат.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан