Президент Алмазбек Атамбаев Азербайжанга учуп келди

Бүгүн, 15-августта президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын Габала шаарына Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитине катышуу үчүн келди. Саммитте кеңешке мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоо пландалууда.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө Кеңешке төрагалык кылууну Кыргызстан Азербайжан тарапка өткөрүп бермекчи. Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстан, Түркия, Азербайжан өлкөлөрүнүн башчылары менен жолугушууларды өткөрүшү пландалууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан