7 айда Ошто электр энергиясына карызы бар 10 миң колдонуучунун үйүнө электр жарыгын берүү токтотулган
“Ош электр” ишканасы жыл башынан бери электр энергиясына болгон карызын төлөбөгөн 10 700 абоненттин
үйүнө же ишканасына электр жарыгын берүүнү токтоткон. Мындан сырткары
112 абонентке байланыштуу 16,9 миллион сом карыз боюнча соттук иштер жүрүп жатканы айтылды. Ошондой эле 2200 миң абоненттин үйүндөгү электр эсептөөчү жабдуулары үй ичинен алынып, сыртка орнотулганын "Ош электрдин" басма сөз кызматы кабарлайт.