Кыргыз өлкөсүнөн 90 миллиарддан ашык доллар банктар аркылуу башка өлкөлөргө которулганы боюнча премьер-министрдин басма сөз катчысы түшүндүрүп берди

Кечээ, 28-ноябрда Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында журналисттик иликтөөдөгү 700 миллион доллар тууралуу берилген суроого жооп берип жатып, 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнөн 90 миллиарддан ашык доллар банктар аркылуу башка өлкөлөргө которулганын айткан.

Бүгүн бул боюнча премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев түшүндүрмө берди.

"Премьер-министр туура эле маалыматты айткан. Андагы айтылган сумма коммерциялык банктар жүргүзгөн транзакциялардын суммасы. 2018-жылы өлкөгө банк аркылуу кирип-чыккан акчалардын суммасы 90 миллиард долларга чейин жеткен. 2019-жылдын жарым жылдыгында бул көрсөткүч 48 миллиард доллардан ашкан.

Журналисттик иликтөөдөгү 700 миллион доллар тууралуу өкмөт башчы тиешелүү органдарга кыска убакыттын ичинде иликтеп чыгуу тапшырмасын берген", - деп билдирди.

Абылгазиев: "Өткөн жылы өлкөдөгү банктар аркылуу сыртка 90 миллиард доллар чыгарылган"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан