700 миллион доллар боюнча депутат өкмөт башчыдан "Бул акча кимдики? Мамлекеттикиби же бажыдан уурдалганбы?" деп сурады

"700 миллион доллар кимдин акчасы, мамлекеттикиби же бажыныкыбы?" - деп бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабылды Тиллаев өкмөт башчыга суроо узатты.

"Канча күндөн бери журналисттик иликтөөдөгү 700 миллион доллар элди дүрбөлөңгө салып жатат. Бул боюнча өкмөт так айта албай жатат, сиз так айтып коюңузчу, бул акча кимдики? Мамлекеттикиби же бажыдан уурдалганбы? Бул акчанын мамлекетке тиешеси барбы?", - деди депутат.

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Менин оюмча, ал бизнестин акчасы. Ал кандай жол менен табылганы иликтенсин, анан толук кандуу жооп берүүгө болот. 2018-жыл ичинде Кыргыз өлкөсүнөн 90,5 миллиард доллар банктар аркылуу башка өлкөлөргө которулган. Ал эми 2019-жылдын 6 ай аралыгында 48 миллиард доллардан ашык акча которулган. Баарын тастыкташы керек, азыр мен эч нерсе деп айта албайм", - деди ал.

"Эл бул мамлекеттин акчасы деп дүрбөлөң болуп жатат. Ошону так айтпай жатасыңар! Мамлекеттики же жок деп койгула", - деди депутат.

"Бул бюджеттен эмес, бул бизнестин өзүнүн алакасында болуп жаткан мамиле. Биздин өлкөгө келип, башка жакка кетип жаткан болсо, демек бизде банктагы алымдары азырак болушу мүмкүн. Бекеринен Өзбекстандан келип, башка жакка которулуп жатпагандыр. Муну да этият айтышыбыз керек, себеби бизнеске тоскоол болот", - деди өкмөт башчы.

"Ушунун айынан бизнесмендерди текшерип баштайсыңар да" деди депутат.

Буга өкмөт башчы: "Кечээ бир бизнесмен бир айда 200 миллион котордум деп айтып жатат, колунда бардык документтери бар. Ал "ушулардын баарын айта берсеңер эмне болот?" деп жатат", - деди.

"Андай банк кымбат болсо, ушуну бизнесмендерге мыйзамдаштырып бергиле" деди депутат.

"Легалдуу келе турган акчалар болсо миллиард эмес, триллион болсо да макулмун. Себеби экономикага акча келип жатат", - деп кошумчалады өкмөт башчы.

Абылгазиев: "Өткөн жылы өлкөдөгү банктар аркылуу сыртка 90 миллиард доллар чыгарылган"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан