"Байкуш балаты эски, жүдөө...". Лондондуктар башкы балатысынын абалына нааразы

Лондондун Трафальгар аянтына коюлган балатыны жергиликтүү тургундар жана социалдык тармактын колдонуучулары жансыз жана жүдөө деп сындашууда. Бул тууралуу BBC агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Улуу Британиянын башкы балатысын жыл сайын Норвегия белек кылат. Бул салт 1947-жылы шаардык казынада чоң балатыны сатып алууга каражат жетпеген учурда пайда болгон.

Жергиликтүү тургундар жана интернет колдонуучулары "Быйылкы балаты абдан жүдөө көрүнөт, ага кооз көрүнүшү үчүн көп бутак жетишпейт" деп сындашууда. Вестминстер кеңеши "21 метр узундуктагы балаты Осло тургундарынын Лондонго берген чоң белеги. Балаты бийик болгондуктан, кимдин үйүндө жасалган балаты болбосун, сөзсүз айырмаланат" деп билдирген.

Норвегиянын Британиядагы элчилиги да балатыны коргоо менен убара. "90 жылдык 25 метр бийиктикте өскөн арча ушундай эле болот. Балатынын бутактарын санабай, символдук белек катары караш керек", - дейт элчи Ричард Вуд.

Анткен менен социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында Рождество майрамына карата коюлган балатыны "Биз быйыл ослолуктарды капа кылып койдук беле?", "Байкуш эски арча, көргөн сайын боорум ооруп жатат" деп сындап, ошол эле учурда "Балаты символдук атрибут катары эле коюлушу керек" деп колдогондор да болууда.

Белгилей кетсек, былтыр Кыргыз өлкөсүнүн облустарында коюлган балатылардын эң узуну 28 метр болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Wibee
2019-12-06 10:14:57
Боло берет екенда э
+1
marty77
2019-12-06 10:17:39
Нарын шаарынын балатысына окшош го)
+10
Altyn10076
2019-12-06 11:23:59
marty77,Нарын шаары жүдөгөн балаты орнотуу беле. Же айтарыңа сөз калбай калды беле.
+1
boston___
2019-12-06 11:52:52
Altyn10076, маанайды которосунгоо)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан