Швециялык экоактивист Грета Тунберг "Time" журналынын версиясы боюнча "Жыл адамы" деп табылды. Басылма "жаш муундардын иконасы" жана "планетабыздагы негизги көйгөйдү мыкты айтып берүүчү" деп атаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"Ал мындай климаттык көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан биринчи адам эмес. Ошондой эле бул жаатта мындай көйгөйлөрдү чече турган адис дагы эмес. Ал окумуштуу, саясатчы, миллиардер ханыша же поп-жылдызы, керек болсо жашы дагы улуу эмес. Ал тек гана жаш муундардын ичинен чындыкты айтууга кудурети жеткен эр жүрөк, жөнөкөй өспүрүм болду", - деп жазылган басылманын маалыматында.
Грета Тунберг 16 жашта гана болгонуна карабай, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп келет. Ал ушул жылдын 23-сентябрында өткөн БУУнун Нью-Йорктогу саммитинде дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү тууралуу сөз сүйлөгөн.
"Time" журналынын "Жыл адамы" наамына Дональд Трамп, Марк Цукерберг, Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Басылма бул наамды 1972-жылдан бери берип келет.