Жалал-Абад. Шаардын борбордук көчөлөрү кеңейтилүүдө

Жалал-Абад шаарынын Бабкин көчөсү жергиликтүү бюджеттин эсебинен кеңейтилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Шаардык коммуналдык чарба департаментинин жетекчиси Акылбек Нуркулов билдирди. Мурда бул көчөнүн туурасы 4 метр болуп, автоунаалардын кыймылы үчүн тардык кылып келсе, учурда 6 метр болуп кеңейтилүүдө. Жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар жана жаандын суусу агып кетчү лоток да курулуп жатат. "Жергиликтүү бюджеттен 470 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул сумма жолду толук бүтүрүүгө жетпейт. Жетпеген каражатты шаардык кеңешке кайрылуу менен чечели деп жатабыз",- деди Нуркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан