Мексиканын Аргентинадагы элчиси 10 долларлык китеп уурдап, кызматынан алынды

Мексиканын Аргентинадагы ыйгарым укуктуу элчиси Рикардо Валеро ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу кызматынан кетти. Бул тууралуу Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард өзүнүн Твиттердеги баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 76 жаштагы элчи декабрь айынын башында китеп саткан дүкөндөрдүн биринен Жакомо Казанованын автобиографиялык китебин уурдап алгандыгы видеокөзөмөлгө түшүп калган. Ал китептин баасы 10 доллар болгондугу белгилүү болгон. Бул окуя жалпыга маалымдоо каражаттарына белгилүү болгондон кийин элчини кызматынан алуу чечими чыккан.

2012-жылы Рикардо Валеро баш мээсинен операция болгон. Дарыгерлердин айтымында, бул окуядан кийин анын абалы кескин түрдө начарлап кеткен. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Белгилүү болгондой, Валеро бул кызматта 2019-жылдын март айынан бери иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
shahlet
2019-12-23 14:26:10
10$ китеп эмне болуптур,бизде кооп $лар жок болуп кететго
+2
chake
2019-12-23 16:22:43
бизде 10 млрд доллар уурдаса да 10 тролду жалдап койсо бутту аны супер герой кылып койот
+3
robot111
2019-12-23 16:27:43
Атамбаев дайындаган консул Сопоков болсо ууруларды машине салып эркелетип журот. башка жакта китеп учун иштен алынып жатат. Сопоков омуру бир китеп окубаса керек.
+1
chake
2019-12-23 16:34:27
Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев 350 000 доллар алганы далилденсе Ширин кыйкырып жатат камабагыла деп бет аймап
0
Belek1710
2019-12-23 18:06:04
Бечара китеп эле уурдаптыр го, белек катары берип коюшпайбы?!
+2
akmanai
2019-12-25 06:20:26
Мен канча китеп уурдадым кичинемде. Уурулук жаман экенин билсем да жакшы коруп калган китептеримди уурдап алууга аргасыз болчум. Сураганда беришпесе не кылайын анан((( Бирок 10-класста окуп жургондо уйубуз куйуп, баары куйуп кеткенче ташып чыккан буюмдардын арасынан менин бир чемодан анан бир чон мешоко салынган жарымы куйуп калган китептеримден орттон улам жардамга келген коп кошунабыздын арасынан оз китебин таанып калгандар болгон. Ииий бетим уят. Китеп жинди болгон экем ошондо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан