Чыгармачылыгына өзгөчө берилүү менен аяр мамиле жасагандардын катарын бул ырчы да толуктайт. Маек төрүбүздө ырчы, бийчи, рэп аткаруучу, битбокс өнөрүнүн ээси Аско. Учурда анын аткаруусундагы «Тимеле» ырын угармандар жакшы кабыл алып, угуп жаткан маалы.
“Рыспай Абдыкадыров атабыз деле убагында азыркы Мирбек Атабековдой жылдыз болгон да. Хит ырларды жаратып, эл анын ырларын жакшы кабыл алып, ырдап жүрүшкөн. 20-30 жылдан кийин Мирбек Атабековдун да Рыспай атабыздай аты өчпөй, ырлары ырдала берет”, - деген ырчынын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№895, 26-декабрь, 2019-жыл) окуй аласыз.