Сауд Арабиясы жарандарга эрте никеге турууга тыюу салды

Сауд Арабиясынын бийлиги жашы 18ге жете элек жарандарга никеге турууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясы көп жылдык талкуудан кийин жашы 18ге чыга электерге үй-бүлө курууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алышты. Юстиция министри Валид ас-Самаани аталган мыйзамды өлкөнүн бардык сот өкүлчүлүктөрүнө таркаткан. Мыйзамга ылайык, жашы 18ге жете элек жарандар никеге тура алышпайт. Эгер жашы жете элек өспүрүмдөр баш кошууну кааласа сотко кайрылып, атайын уруксат алууга тийиш болот. Сот эрте нике жаш өспүрүмдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана келечегине терс таасирин тийгизүү коркунучун алдын алуу үчүн бардык жагдайларды карап чыгат.

Буга чейин белгилүү болгондой, никеге турууга белгиленген чектүү жаш курак каралган эмес. Ошол себептен жашы жете элек кыздарын эрте күйөөгө берүү кадыресе көрүнүш болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
filis
2019-12-26 11:25:21
Динге ууланган эл эч качан алдыга жылбайт. Арабтар дагы деле орто кылымдын тушунугунон чыгыша элек. Молдолор ар кайсы эрежелерди ойлоп чыгара беришип, динде ушундай деп ар жалган идеяны пропаганда кыла беришет. Биздин Чубака окшогон арабисттер арабтардын салтын бул жака тануулаганды токтоткула.
0
Asel69
2019-12-26 12:00:21
Ашкере динчил, арабчыл болуп арабтарды туурабагыла. Жанагы хиджаб, паранджа бул арабтардын салтуу кийими. Эч ким хиджабка оронуп бейишке кирбейт. Мунун баары арабтардын жомогу. Арабча создорду кунуго кубуронуп кайталай бергенден бейишке кирип кетпейбиз. Жомок. Апыртма дин.
-4
bekmaral
2019-12-26 12:16:50
Asel69,Анда жыналач болуп музейге чыккыла батышты туурап.Ата бабалардан бери эле келген элечек салынып узун кийип жоолук салып.Жакшы нерсеси болсо анын эмнеси жаман.
+5
Samatalibei
2019-12-26 20:56:44
Asel69, Сенен эчким акыл сураган жок сурабайтда озундун жолун менен кете берчи! Сенин созун абага учуп кетти!
0
suban78
2019-12-27 01:57:22
Asel69,эн туура, созуно кошулам. Ислам динин бурмалап, ашыкча нерселерди кошуп алып кирип жатышпайбы. Кээ бир адамдар биротоло ишенишип алып жатышат. Эми айта берсен соз коп. Кыргыз бойдон калалычы айланайындар. Оз ата бабабыздан калган каада салтыбызды сактайлы.
0
momun74
2019-12-26 12:09:29
Эрте нике жонундо соз болуп жатса жогорудагылар эмнени доороп атат
+6
Samatalibei
2019-12-26 20:58:22
momun74,Жогорудагылар бее десе тоо дегендер да анан ушулардын созу туура болмок беле.
+1
zhaku2017
2019-12-26 15:30:06
Ислам дини кыргыз жаштарын араб тилине бура турган, араб салтын пропаганда кыла турган арабтардын сектасы. Арабтардын сөздөрүн тез - тез кайталап сыйынып, жүгүнө бергенден бизди асмандан эч ким келип куткарбайт.
0
-adam
2019-12-27 13:27:41
zhaku2017,
Бир кун келип туура экенин тушуносунор го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан