Кыргыз-Тажик чырынан каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө турак жай берилди

Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай берилди. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 миллион сом бөлүү чечимин чыгарган. Жер тилкелүү турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкенин документтери каза болгон чек арачынын жубайына катталды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
boston___
2019-12-27 17:09:51
соонун жанылык
+8
chake
2019-12-27 17:39:20
эң туура чечим болуптур молодцы
+3
Munir81
2019-12-27 18:56:58
Жакшы кылыптыр кандай жакшы жигит эле Аллах акыретинен берсин
+2
Nemo_0587
2019-12-27 22:18:27
Мына ушул чыныгы баатыр, болбосо баатырлардан баш айланат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан