Эмгек,
миграция жана жаштар министрлиги 21-августта Токмок шаарында Жаштар үйүн ачат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз
кызматы билдирди. Мекеменин ачылышынын максаты - шаардагы жаштардын өзүн-өзү
өнүктүрүүсүнө шарт түзүү
жана мамлекеттик жаштар саясатын алдыга жылдырууга өбөлгө
түзүү. Ал жакта конференциялар, семинарлар жана ар кандай курстар өткөрүлүп турмакчы.