Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун райондор аралык соттун чечимине макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Акун өзү билдирди. Айтымында, доо арызын 17-августта шаардык сотко берген. “Шаардык сотко кайрылдым. Мени кызматтан бошотуу боюнча ЖКнын токтомун, менин ишмердүүлүгүм боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын токтомун жана “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетишин иликтеген комиссиянын токтомунун 4-бөлүмүн жокко чыгарууну талап кылып жатам. Райондук сот ЖКнын өкүлдөрүнүн өтүнүчүн канааттандырып, ишти кароодон баш тартты. Сотто мен утмакмын жана бул чечимге макул эмесмин. Шаардык сот баарын чечет”,- деди ал.
Эске сала кетсек, 16-августта Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Бермет Карагулова ЖКнын юристтеринин өтүнүчүн канааттандырып, Акундун арызын кароону токтоткон.