1-июлга карата Бишкекте 104 бала мектепке барбай, иштеп жүргөн. Алардын 35и шаар тургундары болсо, 69у башка облустардан келген балдар. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда бул балдардын 50сү билим берүү мекемелерине жөнөтүлгөн. Маалыматка ылайык, Бишкекте 328 бала оор турмуш кырдаалдарына туш болушкан. Алардын 75ине даректик жардам көрсөтүлсө, 128ине кварталдык стипендия төлөнүп, ал эми 18 балага психологиялык жардам көрсөтүлгөн.