Жыл башында күйөөсү тарабынан сабалып каза болгон эки келиндин сөөгү жерге берилди. Каргашалуу окуялардын бири Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылында катталса, экинчиси Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында болгон. Коомчулук социалдык тармактарда “аялдарга карата зомбулукка жазаны күчөтүү керек” деген пикирлерин байма-бай жазышууда. Укук коргоо органдары эки окуя тең үй-бүлөлүк чырдан улам келип чыккан деген маалымат таратты. Маркумдун жакындарынын окуя тууралуу оюн “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№897, 9-январь, 2020-жыл) окуй аласыз.