18-августта Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаар жолдорундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш иштери жүрүп жаткан Сүйөркулов (Донецк) көчөсүн оңдоо иштери менен таанышып, аталган көчөдөгү дарактарды кыйбоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Белгилей кетсек, мурунку жумада аталган көчөдөгү жолду кеңейтүү үчүн жол жээгинде өскөн 65 түп эмен бактары кыйыла тургандыгын жергиликтүү жашоочулар айтып, нааразычылыктарын билдиришкен эле.