Ош.“Ак жүрөк” кризистик борборунун директору: "Бизге ур-токмокко кабылган аялдар көп кайрылышат"

Бүгүн, 19-августта Ош шаарындагы жарандарга психикалык жактан жардам көрсөтүүчү “Ак жүрөк” кризистик борборуна эки аял кайрылды. Бул тууралуу аталган борбордук директору Дарыйка Асылбекова билдирди. Айтымында, эки аялдын бири психикалык жактан катуу жабыркаган. "Бизге көбүнчө ур-токмоко кабылган же күйөөсү менен ажырашкан аялдар көп кайрылышат. Бүгүн бир айым жардам сурап кайрылды. Турмушка эрте чыккан экен, келишпестиктин айынан күйөөсү 3 баласы менен таштап кетиптир. Юридикалык документтерди топтоп жатабыз, 3 баласына алимент төлөөгө балдардын атасын милдеттендиришибиз керек",- дейт Асылбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан