19-23-август күндөрү Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылындагы маданият үйүндө “Сергек жашоо аптасы” аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө фитнес, аэробика, йога боюнча ар кандай көнүгүүлөр болуп, сергек жашоого үндөгөн окуулар уюштурулат. Ошондой эле стол тенниси, футбол боюнча мелдештер өткөрүлөт. Катышууну каалагандар үчүн кирүү акысыз.