Сооронбай Жээнбеков Дача-Судагы кырсыктан улам жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Су айылында учак кырсыгынан өз жакындарын жоготкон балдар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.

Мамлекет башчысы Дача-Су айылында "Боинг-747" жүк ташуучу учактын кыйрашынын кесепетинен ондогон жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын курман болушу бүткүл кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя болгонун кайгыруу менен белгиледи.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө ар дайым көңүл бурулуп турарына ишендирди.

Президент авиакырсыктын кесепетинен жакындарын жоготкон балдарга бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Курман болгондордун жакындары жана туугандары өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти. Өздөрүнүн жашоо-тиричилигиндеги маселелери жөнүндө айтып беришти.

Жолугушуунун соңунда Сооронбай Жээнбеков балдарга эстеликке белек катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.

2017-жылдын 16-январында Курулуш башкармалыгынын дачалары тилкесиндеги үйлөрдүн үстүнө Боинг 747-400F учагы кулап, 39 киши курман болгон. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан