Кыргыз мигранттары алданды делген окуянын чоо-жайы. Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти, Канвондо провинциясында эмгек мигрантар боюнча проекттин куратору Венера Мамбетова ага карата айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп кайтарат.
Кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда 21-январь күнү саат 11:00дө боло турган маалымат жыйындан биле аласыз.
Катышуучулар:
Венера Мамбетова, Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти, Канвондо провинциясында эмгек мигрантар боюнча проекттин куратору;
Замира Султанова, «Берекет смарт» фирмасынын директору;
Гуляйым Жоробекова, иммигрант.