Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга эмгек мигранттары 983,8 миллион доллар которушкан. Улуттук банк билдиргендей, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 14 пайызга көп. 2012-жылдын ушул убагында которуулар 862 миллион долларды түзгөн. Маалыматка ылайык, Орусиядан 961,7 миллион доллар которулса, Казакстандан 11,7 миллион доллар, башка мамлекеттерден 10,5 миллион доллар которулган.