Шри-Ланкада 5 миң эгиз дүйнөлүк рекорд коюуга катышты

Шри-Ланкада эгиздер дүйнөлүк рекорд коюуга аракет кылышты. Ага 5 миң эгиз катышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Шри-Ланкада эгиздердин дүйнөлүк рекордун жаңыртуу максатында шаардагы стадиондордун бирине эгиздерди чакыртышкан. Бирок баары ойдогудай болгон эмес. Себеби стадионго келген эгиздердин саны күтүлгөндөн да көп болуп, уюштуруучулар алардын баарын санай албай калышкан. Иш-чара узакка созулуп, тартип бузуулар да катталган. Уюштуруучулар аларды кезеги менен документин текшерип, сүрөткө тартып, каттоого алуусу керек болгон. Жалпысынан 5 миң эгиз каттоого алынгандыгы маалымдалган. Бирок азырынча алардын өтүнмөсү "Гиннесстин рекорддор китебине" кабыл алына элек. Так жыйынтыгы эки аптадан кийин белгилүү болот.

Буга чейин эгиздердин рекорду 1999-жылы Тайванда орун алган. Анда 3961 эгиз катталган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Wibee
2020-01-22 16:21:22
500мин ошондо жарым миллион болуп калабы.калп эле болсо керек
0
bema_bema
2020-01-22 16:56:19
Wibee,Жарым милион болбойт
-2
keba300989
2020-01-23 09:01:31
Wibee,5 миң деп туратко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан