Таланттуу ырчы, далай хит ырлардын жаратуучусу Ильяз Абдыразаков гезиттин бул жолку санынын апта каарманы. Темабыз – ырчынын жашоосундагы аялзаты. Ильяз мырзанын апасы, жубайы жана жашоосуна көрк берген кызы тууралуу баарлашуубуз кызыктуу болду.
“Кызым кичине кезинде ыйласа, менин ырларымды коюп койчубуз. Ыр угуп жатып уктап калчу. Азыр өзү да кыңылдап ырдап калды. Обонду бузбай ырдайт”,- деген ырчынын маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№899, 23-январь, 2020-жыл) окуй аласыз.