Депутат Ирина Карамушкинанын айдоочусу 2 жылга шарттуу кесилди

Мас абалында депутаттын кызматтык автоунаасын айдап бара жатып 1 адамды сүзүп өлтүргөн ЖКнын депутаты Ирина Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурасаев 2 жылга шарттуу кесилди. Чечимди 19-августта Чүй райондук соту чыгарды. Жабырлануучуларга акчалай төлөм төлөтүү боюнча берилген арыз каралган жок. Эскерте кетсек, айдоочу 2012-жылдын 26-февралында Бишкек-Торугарт жолунда Тойота Камри унаасы менен кырсыкка учураган. Анда 70 жаштагы Асангазы Кутманалиев аттуу жаран кырсык болгон жерден көз жумуп, 35 жаштагы Алмаз Матиев оор жаракат алган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан