Египетте тогуз жаштагы бала тез даярдалуучу кесмени жеп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Ага ылайык, окуя өлкөнүн түндүк тарабындагы Эль-Махалля-эль-Кубра шаарында катталган. Каза болгон баланын ата-энеси дароо полиция кызматкерлерин чакырышкан. Изилдөө иштеринин натыйжасында, бала каза болордун алдында тез даярдалуучу кесмени жегени белгилүү болгон.
Дарыгерлер бул жагдайды жүрөк пристубу жана кан басымдын көтөрүлүп кеткендиги өлүмгө алып келген болушу мүмкүн экендигин айтышууда.
Адистер окуя болгон жерде иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат деп жазылат маалыматта.